• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кышкы жалпы республикалык тестирлөөдө эң жогорку балл – 226, эң төмөнкү – 65

Билим 0

Бишкек, 21.12.22. /Кабар/. Жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) 1 миң 260 адам катышты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, катышуучулардын 893ү же 70,9 пайызы 100 же андан жогору балл топтоду. Республика боюнча ЖРТнын жыйынтыгынын орточо көрсөткүчү 126,6 баллды түзсө, эң жогорку – 226, эң төмөнкү – 65 баллды түздү.

Тестирлөөдө максималдуу баллды Бишкек шаарынын Биринчи май жана Свердлов райондорунун жана Ош шаарынын катышуучулары алды. Эң төмөнкү баллды Бишкек шаарынын Биринчи май районунун жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун катышуучулары алды.

ЖРТны кыргыз тилинде 658, орус тилинде 602 катышуучу тапшырды.

Эскертке кетсек, Кыргызстанда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу ушул жылдын 26-декабрында башталат.

Пикир

Оставить комментарий