• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытай жарандары Кыргызстандагы мигранттардын 79 пайызын түзөт – Миграция кызматы

Коом 0

Бишкек, 14.09.18. /Кабар/. Кыргызстандагы чет элдик мигранттардын 80 пайызы Кытайдын жарандары. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик миграция кызматынын чет өлкөлүк жарандар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Кудайбердиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын аймагында жумушка орношууга уруксат алган Кытайдын 8 миң 760 жараны бар. Өлкөдөгү кытайлардын саны 100 миңге жеткендиги тууралуу кептер чындыкка туура келбейт.

Кудайбердиев 2018-жылдын 1-сентябрына карата өкмөт бекиткен чет өлкөлүк адистер үчүн квота 16 миң 490ду түзөрүн билдирди. 24 уруксат берүүчү комиссиянын жыйынтыгы боюнча 10 миң 961 чет өлкөлүк адис Кыргызстанда иштөө үчүн уруксат алган.

Ал билдиргендей, Кыргызстандын аймагында иштеген чет өлкөлүк жарандардын жалпы санынан Кытайдын жарандары 79 пайызды түзөт. Андан кийин Түркиянын жарандары, алардын саны 650гө жетет. Андан соң Түштүк кореялыктар – 256 адам. Андан кийинки орундарда Пакистан, Өзбекстан, Украина жана АКШ турат. Бул 60тан 150гө чейин адамдар.

“Негизинен чет өлкөлүк жарандар Бишкек шаарынын аймагында иштешет, бул 52 пайыз. Андан кийинки орунда Жалал-Абад турат. Себеби, бул аймакта курамында алтын бар кендер жайгашып, иштелип чыгат. Бул аймак боюнча жумушка орношууга уруксат алуу үчүн 3 миңден ашуун чет өлкөлүк жаран кайрылган”, - деди Кудайбердиев.

Анын айтымында, Жалал-Абаддан кийин Чүй облусу турат. Ал жакка 1,5 миң квота берилген. Калган аймактар боюнча 500 квотадан бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий