• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди

Кырсык 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Кытайда болгон жер титирөө Кыргызстандын аймагында сезилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Сейсмология инситиутунун маалыматына таянып билдирди.

Ага ылайык, 30-январда саат 4:27де Кытайдын аймагында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталып, жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Бедел айылында 5 баллга чейин сезилген.

Кытайдын аймагында жер титирөө кайрадан саат 7:44тө кайталанып, очогунда күчү 4,5 баллга жетсе, Бедел айылында 3,5 баллга чейин сезилген.

Ошол эле күнү саат 9:52де орун алган жер титирөө очогунда күчү 4,6 баллга жетип, Бедел айылында 3 баллга чейин сезилген.

Пикир

Оставить комментарий