• 88.68
  • 95
  • 0.95

Министрлер кабинетинин төрагасы: Салык тармагын санариптештирүү иши күчөтүлөт

Өкмөт 0

Бишкек, 30.01.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында жумушчу көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Отурумда салыктык башкарууну санариптештирүү маселеси каралды. Анда министрлер кабинетинин төрагасы жалпы салык төлөөчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүлүшү үчүн салык тармагын санариптештирүү иши күчөтүлөөрүн билдирди.

“Азыр 21-кылым, заманбап технологиянын заманы. Салыкты көзөмөлдөгөн ар бир тиркеме 7/24 иштеп турушу керек. Программалар оор күч келди деп, токтоп калуу деген болбосун. Алдыңкы делген IT кызматкерлерин салык тармагынын ишине тартыңыздар”, – деди Акылбек Жапаров.

Жыйында салыктык башкарууну санариптештирүүгө багытталган иштерди жогорулатуу үчүн атайын каражат бөлүнөөрү айтылды. Ошондой эле, бардык базарлар жана коомдук транспорттор үстүбүздөгү жылдын 1-июнуна карата жеткиликтүү деңгээлде санариптештирилет.

Пикир

Оставить комментарий