• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кытайда нөшөрлөгөн жаандан улам 77 миң адам эвакуацияланды

Дүйнө 0

Бишкек, 10.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кытайда нөшөрлөгөн жаандан улам 77 миң адам эвакуацияланды. Бул туурасында РИА Новости People's Daily газетасына шилтеме берүү менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, сөз Чжэцзян, Цзянси, Хунань, Сычуань, Гуйчжоу провинциялары, Чунци шаары жана Гуанси-Чжуанский автономдук району тууралуу болуп жатат. Жаан 1,6 миллионго жакын адамдын жашоосуна тоскоолдук жаратып, 77 миң адам эвакуацияланган.

Ошондой эле, 1,6 миң имарат кулаган, 7,9 миңи түрдүү даражада зыянга учураган. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 2,69 миллиард юань (болжол менен 390,66 миллион доллар) деп бааланууда.

Метеорологдордун божомолуна караганда, шаршемби күнү жаан Гуйчжоу, Гуанси, Хунань, Цзянси, Чжецзян жана Фуцзянь провинцияларында уланат.

Пикир

Оставить комментарий