• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытайдагы суу ташкынынан каза болгондордун саны 30дан ашты

Дүйнө 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Кытайдын Хэнань провинциясында суу ташкынынан каза болгондордун саны 33кө жетти. Буга чейин табият кырсыгынан 12 киши өлгөнү кабарланган. Кытай бийлигинин маалыматына караганда, апаат аймагында үч миллиондон ашык киши бар.

Провинцияга бир жылдык жаан-чачын бир нече күн ичинде жааган. Анын кесепетинен 10 миллион тургуну бар Чжэнчжоу шаары суу алдында калган.

Провинциянын инфраструктурасы менен айыл чарба талаалары зыянга учурады. Нөшөрлөгөн жаан алты күндөн бери токтой элек. Мунун кесепетинен куткаруу жана тазалоо иштерин жүргүзүү кыйынга учуроодо.

Пикир

Оставить комментарий