• 88.68
  • 95
  • 0.95

ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгы онлайн кеңешме өткөрдү

Коом 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. КР ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгында онлайн форматында 2021-жылдын алты айынын жыйынтыгын чыгарган кеңешме болду.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кеңешмеде эки маселе каралды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгынын түзүмдөрүнүн 2021-жылдын 6 айында аткарган ыкчам кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгынын түзүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүш ишин алып барууда мыйзамдуулукту сактоо жана кемчиликтерди жоюу маселелелери талкууланды.

Онлайн форматындагы кеңешмеге ИИМдин Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыгынын жетекчилиги, өздүк курамы жана ИИМдин ТИИБнын, Бишкек шаардык жана Чүй облустук ИИББнын, Ош шаардык жана облустук ИИБнын начальниктеринин сотко чейинки өндүрүш иштери боюнча орун басарлары жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча бөлүм жана бөлүмчөлөрдүн начальниктери катышты.

ИИМдин Жоруктар иштери боюнча башкармалыгынын начальниги Сапар Аманкулов белгилегендей, 2021-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен Жоруктар жөнүндө иштер боюнча башкармалыктын түзүмдөрү тарабынан жарандардын арыз-даттануулары боюнча 39 миң 98 жорук иши өндүрүшкө алынган. Анын ичинен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталганы 33 миң 238. Отчеттук мезгилде 5 миң 441 жорук иши соттук кароого жөнөтүлгөн.

"Жыйынтыгында алты айдагы ийгиликтер белгиленип, иликтөө ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндөгү кемчиликтерди жоюу багытында көрсөтмөлөр берилип, иштин сапатын жогорулатуу максатында талаптар коюлду", - деп кошумчалашты министрликтин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий