• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытайдан Өзбекстанга COVID-19га каршы дагы 1 миллион доза вакцина жеткирилди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 30.06.21. /Кабар/. Бүгүн, 30-июнда Кытайдан Өзбекстанга ZF-UZ-VAC2001 вакцинасынын дагы 1 миллион дозасы жеткирилди. Бул тууралуу Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Муну менен быйыл марттын аягынан бери Өзбекстанга келген ZF-UZ-VAC2001 вакцинасы 6,5 миллион дозага жетти.

Мекеменин маалыматына караганда, Өзбекстанга жеткирилген "Спутник-V" жана AstraZeneca вакциналарын кошуп эсептегенде, өлкөдө препараттардын жалпы запасы 7,4 миллион дозага жетти. Алардын 3,5 миллион дозасы эмдөө үчүн колдонулду.

Өзбекстанда коронавируска каршы вакцинация иштери быйыл 1-апрелде башталган. Бүгүнкү күнгө карата өлкө калкынын 4% коронавируска каршы толук эмдөөдөн өттү.

Пикир

Оставить комментарий