• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кытайга уча турган 46 авиакомпания каттамдарын токтотту

Дүйнө 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Кытайга уча турган чет элдик 46 авиакомпания каттамдарын токтотту. Бул тууралуу өлкөнүн жарандык авиация башкармалыгынан кабарлашкандыгын РИА Новости жазат.

Чет элдик авиакомпаниялар Кытайда тараган коронавирустун жаңы түрүнөн улам каттамдарына чектөө киргизүүдө.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Кытайда тараган коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын саны 20,4 миңден ашып, 425 адам көз жумду.

"Ооруканадан 632 адам чыгарылган. Кытайда бир күн ичинде 3,2 миң адам ооруну жуктуруп алган. Каза болгондордун саны 64кө жетти. Ал эми 2,8 миңдей бейтаптын абалы оор деп бааланууда", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстан Кытай Эл Республикасы менен чектешкен мамлекеттик чек араны убактылуу жаап, аба каттамын токтоткон. Мындай чечимди өлкө аймагына коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана жайылуусуна жол бербөө боюнча республикалык штаб кабыл алган.

Пикир

Оставить комментарий