• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кытайлык күйөөсүнөн зомбулук көргөн Өзбекстандык кыз мекенине кайтты

Дүйнө 0

Бишкек, 26.02.19 /Кабар/. Кытай жаранына турмушка чыккан Өзбекстандык Саида аттуу кыз күйөөсү орой мамиле жасаганын айтып, үйүнө кайтууга жардам сураган.

19- февралда ал Өзбекстандын Кытайдагы элчилигинин жардамы менен мекенине кайткан. Өзбек консулу Бабур Яхёевдин айтымында, Саида учурда үйүндө. Буга чейин кордук көргөнүн билдирген кыз социалдык түйүндөр аркылуу журналисттерден жардам сураган.

Саиданын айтымында, күйөөсү аны бир жума жууна турган бөлмөдө камап койгон. Ур-токмоктон тышкары сексуалдык зомбулук көрсөткөн.

Кыз үй-бүлөсүндөгү каржы маселелеринен улам кытай жаранына турмушка чыкканын мойнуна алган. Күйөөсүн нике агенттигинин жардамы менен тапкан. Саиданын окуясы социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратууда.

Маалыматтарга караганда, Кытайдагы Өзбекстан элчилиги кызды издеп таап, коргоп калган.

Пикир

Оставить комментарий