• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Нигерияда төрт журналист аскердик маалыматтарды ачыкка чыгарган үчүн камоого алынды

Дүйнө 0

Бишкек, 09.01.19 /Кабар/. Нигериянын Daily Trust гезитинде иштеген төрт журналист террордук уюм Боко Харамга карата операциялар тууралуу берген кабарлар үчүн камоого алынды.

Daily Trust гезитинин башкы редактору Маннир Дан-Али "Anadolu" агенттигине берген маалыматында, Абуджа жана Маидугури шаарларындагы офистери аскерлер тарабынан тинтүүгө алынгандыгын, 1 редактор менен 3 кабарчынын камоого алынгандыгын билдирди. Ошондой эле офиске таандык көп сандаган компьютерди конфискациялагандыгын кошумчалады.

Камоого алынган кесиптештеринен кабар ала албагандарын белгилеген Дан-Али, журналисттердин өмүрүнөн тынчсызданып жаткандыгын билдирди.

Нигерия армиясынын өкүлдөрү журналисттердин жашыруун аскердик маалыматтарды ачыкка чыгаргандыгы үчүн камалгандыгын билдирип, алардын аракети улуттук коопсуздукка зыянын тийгизгендигин кошумчалашты, деп жазат trt.net.tr.

Пикир

Оставить комментарий