• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кызыл-Кыяда борбордук базардан өрт чыкты

Кырсык 0


Бишкек, 09.09.21. /Кабар/. Кызыл-Кыяда борбордук базардан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 8-сентябрда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын борбордук базарында өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө ӨКМден жалпы 5 бөлүм жана 18 куткаруучу тартылган. Өрт саат 05:35те толук өчүрүлгөн.

Өрттүн кесепетинен болжол менен 2500 чарчы метр аянт күйгөн, жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий