• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кызыл-Кыяда үгүт иштерин жүргүзүүдө чагымчылдык кылган жаран аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 05.04.21. /Кабар/. Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында үгүт иштерин жүргүзүүдө чагымчылдык кылган жаран аныкталды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Кызыл-Кыя шаарынын “Таштемир Ажы” борбордук базарында үгүт иштеринде жалган маалымат таратып, өзүнүн чагымчыл аракеттерин жасап, эл арасында бурмалоо иштерин жүргүзүп жүргөн жаран аныкталды.

Аталган факты электрондук журналга катталып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

“Баткен облусунун аймагында шайлоо өнөктүгүнүн астында мыйзам бузуу боюнча жалпысынан 3 материал катталып, тергөө иштери жүрүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий