• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Чоң-Алайда катталган катуу шамалдын ылдамдыгы такталууда

Аймак 0

Бишкек, 27.12.17 /Кабар/. 2017-жылдын 27-декабрында саат 06:30 чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районунда катуу шамал катталган. ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, Дароот-Коргон айылындагы 5 турак үйдүн шиферлерин, №16 жол тейлөө ишканасынын имаратынын 10 чарчы метр шиферин жана 2 турак үйдүн чатырын толугу менен учурган.

Маалыматка ылайык, азыркы учурда райондук Жарандык коргонуу комиссиясы иликтөө иштерин жүргүзүүдө жана шамалдын ылдамдыгы такталууда.

Маалымат үчүн: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-ноябрындагы № 733 токтомунда Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун критерийлери бекитилген. Анда катуу шамал табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдарга кире тургандыгы көрсөтүлгөн. Бирок шамалдын күчү ылдамдыгы секундасына 25 метрден ашканда учурда же бийик тоолуу райондордо ылдамдыгы секундасына 35 метрден ашканда келтирилген материалдык чыгымдарга карап бааланат.

Пикир

Оставить комментарий