• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кызын өлтүрүп, атасын бычактап кетишкен. Милиция Төмөнкү Ала-Арчадагы үйгө кирген каракчыларды издөөдө

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.09.20. /Кабар/. Бет кап кийген белгисиз адамдар Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үй-бүлөгө кол салышкан. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирет.

Маалыматка ылайык, 26-сентябрда болжол менен таңкы саат 03:11лер чамасында Аламүдүн райондук милициясына каракчылык фактысы боюнча билдирүү келип түшкөн. Жерине барган ыкчам-тергөо топ аныктагандай, 26-сентябрь күнү саат 02:50дө бет кап кийген белгисиз эки адам Төмөнкү Ала-Арчадагы үйлөрдүн бирине кирип, 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А., атуу кызын бычактап, андан соң из жашырып кетишкен.

Маалым болгондой, кыз алган жараатынан улам каза болгон, атасы болсо Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген.

Аталган факты Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш жазык кодексинин 130-беренесине ("Киши өлтүрүү") ылайык катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда аталган кылмыштын бетин ачуу боюнча атайын күч түзүмдөрүнүн ыкчам кызматкерлеринен турган топ түзүлүп, шектүүлөрдү табуу боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий