• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Лабораториялык маалыматтарды башкаруунун маалыматтык системасы иштелип чыкты

Коом 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Лабораториялык маалыматтарды башкаруунун маалыматтык системасы иштелип чыкты. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган комитетке караштуу «Соцсервис» мамлекеттик ишканасы COVID-19 боюнча лабораториялык анализдер тууралуу маалыматтардын эффективдүү эсебин жана оперативдүү берүүнү камсыз кылуу үчүн лабораториялык маалыматтарды башкаруунун маалыматтык системасын киргизүүнү ишке ашырууда. Бул иш КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-көзөмөл департаментинин суроосу боюнча жана ЮСАИДдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун техникалык жардамы менен алып барылууда.

Маалыматтык системанын урунттуу артыкчылыктары:

  • Бейтаптардын анализдеринин жана анализдеринин тарыхынын бирдиктүү базасын калыптандыруу;

Түзүлгөн лабораториялык маалыматтардын базасынын аныктыгын камсыз кылууга мүмкүндүк берген «Түндүк» системасы аркылуу биоматериалды бейтапка байланыштыруу жана бейтаптын өзүн персонификация кылуу;

  • Лабораторияларда лабораториялык анализ жүргүзүүгө жолдомолорду берүү процессин башкаруу;
  • COVID-19 эпидемиясы менен күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу ишке ашырылып жаткан башка маалыматтык системаларга актуалдуу маалыматтарды автоматташтырып берүүнү камсыз кылуу.

Маалыматтык система лабораториялык маалыматтарды автоматтык жыйноону жана аларды аймактар, мамлекеттик лабораториялар, лабораториялык анализдердин жыйынтыктары боюнча, ошондой эле жалпы республиканын деңгээлинде графика жана таблица түрүндө чыгарууну камсыз кылат.

Азыркы учурда маалыматтык системаны ишке киргизүү максатында 10 мамлекеттик лабораторияда мурда жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн маалыматтарын кийирүү иштери жүрүүдө. Системада камтылган жеке мүнөздөгү маалыматтарды коргоо үчүн адистер бардык зарыл техникалык чараларды көрүп жатышат.

Муну менен бирге лабораториялык маалыматтарды башкаруунун маалыматтык системасы келечекте аны дээрлик медициналык мекемелердин баары бейтаптарды дарылоодо колдонулуп жаткан лабораториялык изилдөөлөрдүн баарына пайдаланууга мүмкүн болгондой иштелип чыкканын белгилеп коюу керек.

USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору – бул Кыргызстандын Өкмөтүнө кургак учуктун дары-дармектерге туруктуу формасын аныктоону жана дарылоону жакшыртууда көмөк көрсөтүүгө багытталган долбоор. Кургак учукту айыктыруудолбоорунун иши JSI Research & Training Institute, Inc. (JSI) жана University Research Co., LLC (URC) тарабынан Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Кургак учукка каршы улуттук программасы менен тыгыз кызматташтыкта жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий