• 88.68
  • 95
  • 0.95

Быйыл үч айда айыл чарба продукциясы 5 млрд 383,9 млн сомго экспорттолду – Чодуев

Экономика 0

Бишкек, 29.05.20. /Кабар/. Быйыл үч айда айыл чарба продукциясы 5 млрд 383,9 млн сомго экспорттолду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, быйылкы жылдын биринчи чейрегинде экспорт 2019-жылга салыштырмалуу 12,2%га жогорулаган.

"5 млрд 383,9 млн сомго ар кандай айыл чарба продукциялары сыртка чыкты. Мал чарба продукциясынын экспорту 382,5 сомду түздү. Анын ичинен тирүүлөй малдын экспорту бир топ жогорулады. Быйылкы жылы үч айдын ичинде 8,8 миң баш мал сыртка чыгарылды. Ал былтыркыга караганда 2,4 миң башка көп. Былтыр кургатылган жер-жемиштер 17 миң 287 тонна экспорттолсо, быйыл биздин ишкерлер тарабынан 28 миң 542 тонна кургатылган жер-жемиш сыртка чыгарылды. Тамак-ашты кайра иштетүү тармагы боюнча сыртка чыгарылган продукциянын акчалай көлөмү 18,6%га көбөйдү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий