• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн “Кесиби боюнча мыкты” сынагы жыйынтыкталды

Коом 0

Бишкек, 12.01.23. /Кабар/. Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн “Кесиби боюнча мыкты” сынагы жыйынтыкталды, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, мыкты кызматкерлерге ИИМдин Күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Ленин райондук күзөт бөлүмүнүн начальниги Алмаз Момбеков сыйлык лента жана ардак грамоталарды тапшырган.

Аталган иш-чара бөлүмдүн кызматкерлеринин ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу, кызматтык тартипти бекемдөө, мыйзамдуулукту сактоо менен өз кызматына болгон шыктануусун күчөтүү максатында ИИМдин жобосуна ылайык өткөрүлүп келет.

Ошондой эле, ар бир кызматкердин демилгесин, активдүүлүгүн, жоопкерчилигин жогорулатып, кесиптик чеберчилигин көтөрүүгө шарт түзөт.

Бөлүмдүн ар бир кызматтарында ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн, күжүрмөн жана физикалык даярдыгынын, кызматтык тартиби менен мыйзамдуулуктун абалынын жыйынтыгы боюнча кызматкерлерди баалоо критерийлери иштелип чыккан.

Бул сынактык жеңүүчүлөрү болуп жылдын жыйынтыгы менен мыкты жыйынтыктарды көрсөткөн кызматкерлер аталды.

2022-жылдагы ыкчам-кызматтык ишмердүүлүктүн жыйынтыгы боюнча «Кесиби боюнча мыкты» сынагынын жеңүүчүлөрү төмөнкү номинацияларда:
- “Мыкты штабынын улук күзөт инспектору” - милициянын майору Аракеев Дүйшөнаалы Мамырбекович”;
- “Мыкты нөөмөт бөлүгүнүн нөөмөткер-инспектору” - милициянын улук лейтенанты Абдисияев Болотбек Дамирович;
- “Мыкты милиция батальонунун взвод командири” - милициянын улук лейтенанты Иманкулов Кошдавлет Назарбекович”
- “Мыкты милиция батальонунун взвод командиринин орун басары” - милициянын улук прапорщиги Саламатов Алтынбек Раканович;
- “Мыкты милиция батальонунун бөлүмчө командири” - милициянын улук прапорщиги Шайлообеков Дуулат Шайлообекович;
- “Мыкты милиция батальонунун взвод милициясынын экипаж улугу” - милициянын улук сержанты Данияр уулу Алишер;
- “Мыкты милиция батальонунун милиционер-автоматчысы” - милициянын старшинасы Капаров Урмат Мураталиевич;
- “Мыкты милиция батальонунун милиционер-айдоочусу” - милициянын старшинасы Мусабаев Мирлан Бектурович;
- “Мыкты милиция батальонунун банк мекемелерин кайтаруу боюнча күзөт милиционери” - милициянын прапорщиги Туркменов Нурбек Жумалиевич;
- “Мыкты милиция батальонунун күзөт милиционери” - милициянын прапорщиги Шералиев Нурбек Садыбакасович”
- “Мыкты БКТнын нөөмөтке-милиционери” - милициянын старшинасы Думанаева Мээрим Ишенбековна;
- “Мыкты нөөмөт бөлүгүнүн нөөмөткер-жардамчысы” - милициянын прапорщиги Куланбаев Манасбек Сагынбекович;
- “Мыкты нөөмөт бөлүгүнүн нөөмөткер-айдоочусу” - милициянын старшинасы Жусупов Изат Сапатович.

Пикир

Оставить комментарий