• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Лицензиялоо тутумун андан ары оптималдаштыруу жана либералдаштыруу чаралары сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.10.17 /Кабар/. Жогорку Кеӊештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети экономикалык лицензиялар менен уруксат берүү саясатын кайрадан ыраатташтыруу максатында иштелип чыккан «Лицензиялык-уруксат берүү жаатындагы Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Экономика министринин орун басары Элдар Абакиров мыйзам долбоору экономикалык лицензиялоо тутумун андан ары оптималдаштыруу жана либералдаштырууга багытталганын белгиледи. «Биз лицензиялардын санын 66дан 62ге чейин, уруксат берүүнун санын 33төн 26га чейин кыскартуу чараларын сунуштап жатабыз. Мындай кадам ишкерлер үчүн кыйла ыӊгайлуу болот, экономикалык жактан да натыйжа берет деген ойдобуз», - дейт ал.

Андан тышкары, мыйзам долбоорунда лицензиялардын түрлөрү жумуш, кызмат көрсөтүү, аракеттер жана операциялар деп бөлүнө турганы, иштин чектелген түрлөрүнө карата берилүүчү лицензиялардан тышкары, лицензиялык төлөмдөр жоюлары, лицензия берүүнүн автоматташтырылган тутуму ишке киргизилери белгилүү болду.

Пикир

Оставить комментарий