• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкө аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 08.07.20. /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 7-июлда өлкө боюнча 139 100 м² имараттардын ичи сырты, 535 799 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 140 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунда 31 000 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 350 литр хлор колдонулду;

Нарын облусунда 10 510 м² аянт жер жана 11 000 погондук метр автоунаа жолдору дезинфекцияланды.

Талас облусунда 22 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 70 кг хлор колдонулду;

Ысык-Көл облусунда 14 822 м² имараттын ичи сырты жана 39 000 погондук метр авто унаа жолдор дезинфекцияланып, 146 кг хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 17688 м² ичи сырты дезинфекцияланып 99 хлор таблеткасы колдонулду;

Ош облусунда 31 200 м² имараттын ичи сырты жана 34 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 250 кг хлор колдонулду;

Баткен облусунда 5500 погондук автоунаа жолдор дезинфекцияланып, 11 литр суюк хлор колдонулду;

Ош шаарында 11 280 м² имараттын ичи сырты жана 9 000 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланып, 10,3 литр суюк хлор колдонулду;

Бишкек шаарында 53 600 имараттын ичи сырты жана 12 500 погондук метр унаа жолдор дезинфекцияланды.

Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө. Иш-чаралар министрдин тапшырмасынын негизинде аткарылууда.

Пикир

Оставить комментарий