• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өлкө аймагында залалсыздандыруу иштери уланууда - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 06.07.20 /Кабар/. Республика боюнча коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу максатында дезинфекциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 5-июль күнү өлкө боюнча 5 860 м2 имараттын ичи, 82 720 м2 имараттын сырты, жалпы 88 580 м2 аймак жана 85 090 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 73 куткаруучу тартылган.

Чүй облусунда 28 800 м2 имараттын сырты 17 350 погондук метр унаа жол дезинфекцияланып, 60 кг хлор колдонулду;

Жалал-Абад облусунда 2160 м2 имараттын ичи, 17 320 м2 имараттын сырты жана 6 040 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланды;

Ош облусунда 3700 м2 имараттын ичи, 26300 м2 имараттын сырты жана 4000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланды;

Баткен облусунда 23 700 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып,100 литр хлор колдонулду;

Бишкек шаарында 10 300 м2 имараттын сырты, 34 000 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланды.

Залалсыздандыруу иштери жөө жүрүү менен жана өрт өчүрүү унаа менен аткарылып, жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий