• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкө аймагындагы 1800 бала “Алтын балалык” комплексинде эс алып келишти

Коом 0


Бишкек, 24.08.22. /Кабар/. Быйыл өлкө аймагындагы 1800 бала Ысык-Көлдөгү “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексинде эс алып келишти. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине аталган борбордон билдиришти.

Жыл башынан бери көлгө Кыргызстан боюнча мигранттардын, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, дарыгерлердин, майыптыгы бар жана ата-энесинен ажыраган балдар барышты.

Эскерте кетсек, Чолпон-Атада 17 жылдан кийин 1-июнда “Алтын балалык” реабилитациялык борбору иштей баштаган. Борбор Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде 19,5 миң чарчы метр аянтта жайгашып, көлдүн климаты, бальнеологиялык шарттары балдардын ден соолугун чыңдоого жана калыбына келтирүүгө абдан ыңгайлуу.

Борбордо ортопедиялык, кардиологиялык, аллергологиялык, пульмонологиялык, хирургиялык жана неврологиялык оорулары бар балдарга реабилитациялык жардамды камтыган балдардын соматика бөлүмү жайгашкан. Эхокардиограф, операциялык жана реанимация бөлмөсү менен жабдылган кардиохирургиялык борбор иштейт.

Пикир

Оставить комментарий