• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Нооруз-2024: Бишкекте масштабдуу иш-чаралар өткөрүлөт

Коом 0

Бишкек, 18.03.24. /Кабар/. Бишкекте быйыл Нооруз майрамынын урматына 20-марттан 22-мартка чейин масштабдуу иш-чаралар өткөрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бул күндөрү көргөзмөлөр, мастер-класстар, спорттук оюндар, ошондой эле улуттук тамак-аш менен тамактануу зоналары уюштурулат.

20-мартта саат 13:00дө Ала-Тоо аянтында улуттук спорт оюндары башталат. Саат 14:00дөн 22:00гө чейин шаардыктарга концерттик программа тартууланат.

21-мартта саат 09:00дө Ала-Тоо аянтында майрамдык иш-чара өтөт. Саат 12:15тен 22: 00гө чейин шаардыктарды эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерттик программа күтөт.

22-мартта саат 10:00дө Улуттук спорттук оюндар башталат. Саат 14:00дөн 22: 00гө чейин шаардыктарды концерттик программа күтөт.

Бишкек шаарынын мэриясы шаардыктарды жана шаардын конокторун келе жаткан Нооруз майрамы менен куттуктайт, ошондой эле эстен кеткис сезимдерди каалайт.

Пикир

Оставить комментарий