• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Азиз Суракматов төрөтканага барып, маркум Улан Эгизбаевдин жубайынан кабар алды

Коом 0

Бишкек, 11.10.18. /Кабар/. Бишкектин мэри Азиз Суракматов төрөтканага барып, маркум журналист Улан Эгизбаевдин жубайынан кабар алды. Бул тууралуу калаа башчынын кеңешчиси Гуля Алмамбетова билдирди.

Анын айтымында, мэр Улан Эгизбаевдин уулун бардык социалдык кепилдиктер менен камсыз кылууга убада берген.

Эгизбаевдин жубайы күн мурун калаадагы төрөтканалардын биринде уул төрөгөн.

Эске салсак, иликтөөчү-журналист Улан Эгизбаев 2018-жылдын 22-июлунда Ысык-Көлдө сууга чөгүп каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий