• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Мектеп жана парктын курулушу: Балбак Түлөбаев Азербайжандын элчиси менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 15.01.21. /Кабар/. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Худуш уулу Оруджев менен жолугушту.

Мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптар борбордун түштүк бөлүгүндө жаңы достук паркын куруу, жакшыртуу, Көк-Жар жаңы конушунда 550 орундуу орто мектептин курулушун талкуулашты. Эки долбоор тең Азербайжандын эсебинен ишке ашырылат.

Балбак Түлөбаев эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүү жана чыңдоо Бишкек шаары үчүн маанилүү экендигин белгиледи. Мэр борбор калаанын инфраструктурасын жакшыртуудагы колдоосу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди.

Эске салсак, 2019-жылы борбор калаанын муниципалитети менен Азербайжандын Кыргыз Республикасындагы элчилиги 550 орундуу мектеп жана жаңы парк куруу боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшкан.

"Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасы АПШ (архитектуралык-пландоо шарттары) иштеп чыкты, ал эми мектептин долбоорун "Горпроект" компаниясы даярдайт.

Мектепке тышкы инженердик тармактарды куруу боюнча «АСК Система» компаниясы менен келишим түзүлгөн. Долбоорду иштеп чыгуу аяктаган, учурда шаардык кызматтар менен ишке ашырылууда.

Бүгүнкү күндө тышкы инженердик тармактар боюнча долбоордук-сметалык документтер Мамлекеттик экспертиза департаментине долбоордук-сметалык документтерди кароо үчүн берилген.

Ошондой эле шаардын түштүк тарабында, Д.Асанов атындагы парктын маңдайында дагы бир жаңы коомдук аянтча курулуп жатат. Бул Азербайжан Республикасынан шаардыктарга жана борбор калаанын конокторуна белек болот.

5,5 гектар аянттагы сейил бакта фонтандар жана декоративдик бассейндер, ачык амфитеатр жана беседкалар, балдар аянтчалары болот.

Эскерте кетсек, объектини долбоорлоо жана куруу боюнча тапшырыкчы Азербайжандын Кыргыз Республикасындагы Элчилиги болуп саналат, борбордун мэриясы курулуш үчүн жер тилкесин берген жана архитектуралык-пландоо шарттарын (ААП), инженердик-техникалык шарттарды (МЭУ) даярдоодо, долбоорду, документтерди жана корутундуларды бекитүүдө жардам берет.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгы тышкы инженердик тармактарды долбоорлоо жана куруу боюнча тапшырыкчы болуп саналат, паркты долбоорлоодо жана курууда көмөктөшөт.

Муниципалитеттин башчысы Бишкек шаарынын мэриясы менен Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин мындан аркы тыгыз кызматташуусуна ишеним билдирди.

Пикир

Оставить комментарий