• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кайгуул кызматы аймактарга каттап жаткан айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.06.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү алыскы каттамга каттоочу маршурттук унаалардын айдоочуларына түшүндурүү иштерин жүргүзүүдө.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, иш-чара туристтик сезонго байланыштуу өткөрүлүүдө.

Кызматкерлер Чыгыш жана Батыш автобекеттерге барып, Бишкектен алыскы аймактарга каттоочу маршурттук унаалардын жана такси кызматынын айдоочуларына унаалардын техникалык абалын текшерүү менген бирге жол эрежелерин жана коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Жолугушу учурунда айдоочулар каттамга чыгуу учурунда унаанын техникалык абалы оң абалда болуусу, керектүү жабдыктар менен жабдылуусу, ошондой эле жүргүнчүлөрдү жана туристтерди ташуу учурунда алардын коопсуздугу үчүн санитардык талаптардын так сакталуусу эскертилди.

Пикир

Оставить комментарий