• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкө боюнча 2 миң 328 адам коронавирус жана пневмониядан дарыланууда

COVID - 19 0

Бишкек, 20.09.20. /Кабар/. Кыргызстанда 2 миң 328 адам коронавирус жана пневмониядан дарыланууда. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, бүгүнкү күнгө карата ооруканаларда 566 бейтап, үй шартында 1 миң 762 адам дарыланууда.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 81 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 416ны түзөт. Алардын ичинен 41 миң 578 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий