• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын CОVID-19 менен күрөшүүдөгү ролу абдан чоң — дарыгер

COVID - 19 0

Бишкек, 16.08.21. /Кабар/. Кыргызстанда 2021-жылдын март айынан баштап калкты эмдөө боюнча чоң иш жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май районунун бириктирилген үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Мунаркан Өмүралиева брифинг учурунда билдирди.

“Күн сайын дарыгерлер бейтаптарга онлайн кеңеш беришет, дарылоону дайындашат жана текшерүүгө дайындашат, байланышы барлардын абалын көзөмөлдөшөт, мобилдик бригадаларда, изоляторлордо иштешет. Ошол эле убакта башка милдеттерди жана көйгөйлүү маселелерди эч ким алып таштаган эмес. Бул текшерилүүчү оорулары бар оорулууларды кароо (бронхиалдык астма, БГ, кант диабети жана башка), кош бойлуу аялдарды жана жаңы төрөлгөндөрдү байкоо”, - дейт ал.

Өмүралиева үй-бүлөлүк медицина борборунун базаларында гана эмес соода борборлорунда, супермаркеттерде, базарларда кошумча убактылуу эмдөө пункттары ачылганын эске салды.

“Андан сырткары, бүгүн жеткиликтүүлүк жана калкты көп камтуу үчүн уюмдарга, коллективдерге мобилдик бригадалар чыгып жатышат жана жер-жерлерде эмдөө жүргүзүүдө. Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын коронавирус менен күрөшүүдөгү ролу абдан чоң”, - деп айтат ал.

Пикир

Оставить комментарий