• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкөдөгү филармония жана театрларда онлайн маданий иш-чаралар улантылат - Маданият министрлиги

Маданият 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Кыргызстандагы филармония жана мамлекеттик театрлар өзгөчө кырдаал учурунда өз репертуарларын толуктоо боюнча иш-аракеттерди үзгүлтүксүз улантат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев билдирди.

Кайрат Иманалиевдин катышуусунда өткөн видео жыйында ар бир театр жетекчиси учурда жасалып жаткан иш-аракеттер жана алдыдагы пландар тууралуу маалымат беришти.

Буга чейин Кыргызстандын баардык маданий мекемелери ишмердүүлүгүн татыктуу жүргүзүп жаткандыгы айтылып, учурдагы кырдаалга байланыштуу онлайн иш-чараларынын ийгиликтүү өткөндүгү үчүн маданият тармагынын чыгармачыл жаамаатына министрликтин атынан ыраазычылык айтылды.

А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жамаатынын СССРдин эл артисти Болот Миңжылкиевдин 80 жылдыгына жана Улуу Ата Мекендик Жеңиштин 75 жылдыгына карата онлайн форматтагы концерт өткөн.

Ошондой эле Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Улуу жеңиштин 75 жылдыгына карата “Жеңиш жазы”, ал эми Т. Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында “Таазим сага Улуу жеңиш” аталышындагы онлайн театрлаштырылган адабий кече жогорку деңгээлде өтүп, телеканалдардан жана социалдык тармактардан түз эфирлерде көрсөтүлгөн.

Кайрат Иманалиев өлкөдө өзгөчө кырдаал уланып, карантин режими болуп жаткандыктан онлайн маданий иш-чараларды токтотпоону тапшырды. Ал 17-май Энелер күнүнө, 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө даярдык көрүп, онлайн кече-концерттерди уюштура тургандыктарын милдеттендирип, ошону менен катар маданият кызматкерлеринин да саламаттыгына кам көрүүнү, тартип-тазалыкты сактоону өтүндү.

Мындан сырткары, июнь айында республикалык театрлар арасында Улуу Жеңиштин 75 жылдык мааракесине карата Улуу Ата Мекендик Согуш темасын чагылдырган спектаклдердин телефестивалы өтө тургандыгы айтылып, даярдыктарды көрүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий