• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкөдө укук коргоо органдарынын 27 кызматкери коронавирус жуктуруп алды - Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 04.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Өлкөдө укук коргоо органдарынын 27 кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, буга чейин укук коргоо органдарынын 20 кызматкери коронавирус жуктурган.

"Алардын жарымы Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында дарылануудан өтүп, канааттандырарлык абалда ооруканадан чыгарылган. Калган 10 адам аталган ооруканада дарыланууда. Ошондой эле кечээ кечинде укук коргоо органдарынын дагы 7 кызматкери Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына келип түштү", - дейт Акматова.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 830га жетти. Алардын ичинен 216сы медицина кызматкери. Илдеттен 575 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 10 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий