• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкөнүн хоккей боюнча чемпионатынын биринчи турунун жеңүүчүлөрү аныкталды

Спорт 0

Бишкек, 04.02.20. /Кабар/. Нарын шаарында хоккей боюнча Кыргызстандын чемпионатынын биринчи туру жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Мелдеш 31-январдан 2-февралга чейин Нарын шаарында өттү.

Оюндардын жыйынтыгында биринчи орунга "Дордой" командасы татыды. Экинчи орунга "Нарын шумкарлары", үчүнчү орунга "Кыргыз темир жолу" (КТЖ) командасы илинди.

Мелдештин жыйынтыгы:

"Нарын шумкарлар" – "КТЖ" (10:6);

"Дордой" – "КТЖ" (8:0);

"Дордой" - "Нарын шумкарлар" (15:0).

Чемпионаттын экинчи туру апрель айына болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий