• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш өттү. Жеңүүчүлөрдүн ысымдары

Спорт 0

Бишкек, 01.12.23. /Кабар/. Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында 25-30-ноябрь күндөрү тогуз коргоол боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирет.

Спорттук иш-чара жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан жана Казакстандан келген спортчулар катышты.

Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Эркектер арасында:
1-орун Рахат Айтбаев (Алматы шаары);
2-орун Ринат Керейбаев (Павлодар);
3-орун Арыстан Манарбек уулу (Казакстан);
4-орун Кубан Сазаев (Бишкек шаары);
5-орун Елдар Дакен (Алматы шаары);
6-орун Жанат Каймульдин (Павлодар);
7-орун Сырттан Сыргак уулу (Бишкек шаары);
8-орун Аманбек Ондирбаев (Ак тобе);
9-орун Саят Жандарбек (Түркестан).

Кыз-келиндер арасында:
1-орун Акбота Намаз (Түркестан);
2-орун Жамиля Баилдяшева (Казакстан);
3-орун Аяна Исахан (Казакстан);
4-орун Айтурган Максатбек кызы (Бишкек шаары);
5-орун Алтынай Шамбетова (Бишкек шаары);
6-орун Розигуль Сайдулла (Казакстан);
7-орун Карагат Жандос кызы (Түркистан);
8-орун Акерке Кудайберген (Түркестан);
9-орун Гүлжамал Сарыкеева (Бишкек шаары).

Эл аралык мелдеш Дене тартия жана спорт департаментине караштуу Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясы жана КРнын Тогуз коргоол федерациясы тарабынан уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий