• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкөнү өнүктүрүүдө бийлик бутактары биримдикте иштөөдө - Жумабеков

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 03.12.18. /Кабар/. Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков Кочкор районуна караштуу Кош-Дөбө айыл аймагында курула турган Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын пайдубалына капсула салуу иш-чарасына катышты.

Иш-чарага өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, жергиликтүү жетекчилер жана айыл тургундары да катышты.

Жыйында сөз сүйлөгөн Жумабеков аймактарды өнүктүрүү жылында мындай алгылыктуу иштердин аткарылып жатканы жакшы саамалык экенин айтып, мамлекет айыл жергесиндеги социалдык мекемелерди курулушуна, элдин жашоо шартын жакшыртууга өзгөчө көӊүл буруп жатканын кошумчалады.

"Быйылкы жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланып, анын алкагында бир топ иштер аткарылды. Жогорку Кеңеш да калктын жашоо шартын жакшыртууга багытталган бир катар мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, кабыл алды. Өлкөнү өнүктүрүүдө бийлик бутактары биримдикте иштөөдө. Борбордон алыс жайгашкан аймактарда ушундай оорукана, мектеп, бала бакчалардын пайдубалын түптөп жатканыбыз жакшы жышаан", - деди Жумабеков.

Ошондой эле төрагасы аймактарды өнүктүрүүгө өлкө бюджетинен бөлүнгөн каражаттын да көлөмү көбөйгөнүн белгилеп: "Эл өкүлдөрү келээрки жылдын бюджетин бекитүүдө аймактарга бөлүнчү каражаттын санын көбөйтүүнү демилгелеп, бекитип бердик. Алыскы айылдар өнүксө, өлкө өнүгөт. Ошондуктан аймактарда заманбап оорукана, мектеп, бала бакча куруубуз керек. Жаштар айылдан борборго келип иш издебей, борбордон айылга барып иштегенине шарт түзүп берүүбүз кажет. Билимдүү жаштарды айылга чакырып, иш менен камсыз кылуу зарыл", - деди.

Эске сала кетсек, Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты Катар өлкөсүнүн Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен курулууда.

Пикир

Оставить комментарий