• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир жумада 18 миңге жакын жол эрежесин бузуу катталган

Укук тартиби 0

Бишкек, 03.12.18. /Кабар/. Кыргызстанда 23нөн 29-ноябрга чейин 17 миң 718 жол кыймылынын эрежесин бузуулар аныкталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, унаа башкарып бара жатып телефон менен сүйлөшкөн 3624 айдоочу, кызыл жарыкка өтүп кеткен 455 айдоочу, мас абалында унаа башкарган 247 айдоочу кармалган.

Ошондой эле:

- 1601 айдоочу ылдамдыкты ашырып айдаган;

- Жол белгилеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн 2939 айдоочуга айып пул жазылган;

- 1230 айдоочунун унаасынын жарыктандыруучу жабдыктары иштеген эмес;

- 1589 айдоочу жол кыймылынын башка катышуучуларына тоскоолдук жараткан;

- Коопсуздук курун тагынбагандыгы үчүн 4357 айдоочуга айып пул салынган;

- Алдыңкы, капталындагы терезелери караңгылатылган унаа башкарган 37 айдоочуга тиешелүү чара көрүлгөн;

- 1066 транспорт каражаты айып унаа токтотуучу жайга токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий