• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкөнүн мамлекеттик жана ЖӨБ органдарында аткаруучулук тартипти чыңдоо жана жакшыртуу боюнча чаралар көрүлдү

Президент 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында аткаруучулук тартипти чыңдоо жана жакшыртуу боюнча чаралар жөнүндө буйрукка кол койду.

Мамлекеттик башкаруу системасынын аткаруучулук тартиби - өлкөнүн позитивдүү өнүгүүсүндө алдыга коюлган максаттарга жетүүнүн эң маанилүү куралы болуп саналат. Кабыл алынган чечимдердин сапаттуу жана өз убагында аткарылышына мамлекеттин ар тараптуу жана бат өнүгүүсү, ошондой эле өлкөнүн жарандарынын жашоо деңгээлинин жогорулашы түздөн-түз көз каранды.

Белгилей кетсек, мамлекет башчы тарабынан мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы аткаруучулук тартипке өзгөчө көңүл бурулууда.

Заманбап чакырыктар жана мамлекеттин кызыкчылыктары мамлекеттик органдардан ыкчам жооп кайтарууну, өз ара так аракеттенүүнү, өлкө жетекчилиги кабыл алган чечимдерди сапаттуу жана өз убагында аткарууну талап кылат.

Конституцияга ылайык, Президент мамлекеттик бийликтин биримдигин, мамлекеттик органдардын координациясын жана өз ара аракеттенүүсүн камсыздайт.

Ушуга байланыштуу аткаруучулук тартиптин мындан ары жакшыртуу максатында өлкө Президентинин чечими менен мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин алдына аткаруучулук тартипти чыңдоо боюнча комплекстүү чараларды көрүү, ошондой эле жарандардын кайрылууларына ыкчам реакция жасоо милдети коюлган.

Пикир

Оставить комментарий