• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкө жарандарын консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби бекитилди

Өкмөт 0

Бишкек, 29.11.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын жарандарын «Консулдук эсеп» автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алуу жана консулдук эсептен чыгаруу тартиби бекитилди. Тиешелүү чечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Документте Кыргыз Республикасынын жарандарын «Консулдук эсеп» автоматташтырылган маалыматтык системасын пайдалануу менен консулдук эсепке алууну жана консулдук эсептен чыгарууну киргизүү каралган.

«Консулдук эсеп» автоматташтырылган маалыматтык системасы (мындан ары – консулдук эсеп) Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке алууну жана консулдук эсептен чыгарууну киргизүү процесстерин автоматташтырууну камтыган маалыматтык система.

Консулдук эсепке алуу үчүн консулдук жыйымдар алынбайт.

Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук эсепке акысыз алуу Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдө жашаган жарандарынын так санын аныктоону шарттаган жеткиликтүү консулдук кызмат катары жарандарыбыздын укуктарын жана кызыкчылыктарын чет жакта коргоо боюнча көрүлгөн чаралардын бири болуп саналат.

Белгилей кетсек, консулдук эсеп маалыматтарынын негизинде Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү ар бир мекемесиндеги шайлоочулардын тизмеси түзүлөт. Буга байланыштуу бул чара шайлоочулардын чет жакта жүрүп шайлоого жана референдумга катышуусуна оң таасирин тийгизет.

Мындан тышкары, электрондук консулдук эсепти киргизүү бизге дипломатиялык кызматтардын кызматкерлеринин ишин кагаздан электрондук түргө өткөрүү аркылуу Кыргыз Республикасынын чет өлкөдөгү мекемелеринин ишмердигин автоматташтырууга шарт түзөт. Ошондой эле консулдук тейлөө кызматтарын көрсөтүүгө кеткен убакытты кыскартат.

Пикир

Оставить комментарий