• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өмүрбек Текебаев Германиянын президентине ишеним грамоталарын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 06.05.22. /Кабар/. Кечээ, 5-майда Берлин шаарындагы Бельвю сарайында Кыргызстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге ишеним грамоталарын тапшырды. Бул тууралуу элчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КР элчиси Текебаев Германия ФРдин президенти Штайнмайер менен салтанаттуу аземден кийин болгон сүйлөшүүдө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан герман тараптын көрсөтүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык сөздөрүн жолдоп, быйыл Кыргызстанга расмий сапар менен келүү чакыруусун айтты.

Президент Штайнмайер жана элчи Текебаев 2022-жылдын 3-февралында Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толгондугун белгилешип, кыргыз-герман кызматташтыгынын ар тармактарын мындан ары да чыңдоо маселелерин талкуулашты.

Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар жана учурдагы социалдык-экономикалык абал тууралуу маалымат берди. Андан тышкары Борбор Азиядагы кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушуунун соңунда Германия президентинин Бельвю сарайында Кыргызстандын желеги салтанаттуу түрдө көтөрүлдү.

Пикир

Оставить комментарий