• 88.15
  • 95.79
  • 0.98

Маданият министринин орун басары Москвада КМШ өлкөлөрүнүн медиафорумуна катышты

Коом 0

Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Күн мурун Москвада КМШ өлкөлөрүнүн "Өзгөрүп жаткан дүйнөдөгү медианы өнүктүрүү" медиафоруму өттү. Ага Кыргызстандын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу катышты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, министрдин орун басары "Эл аралык журналистиканын келечеги" аттуу пленардык жыйында дүйнөлүк маалыматтык жана коомдук-саясий мейкиндикте жалган маалыматтар менен күрөшүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Мындан тышкары, ал маалыматтык коомдун заманбап шарттарында дүйнөдө маалыматтык чабуулдардын активдешүүсү менен фейктер жана такталбаган маалыматтар, тилекке каршы, Кыргызстандын жана жалпы эле дүйнөнүн улуттук жана маалыматтык коопсуздугуна жана социалдык туруктуулугуна коркунуч туудуруп жатканын белгиледи.

Ушуга байланыштуу КМШ өлкөлөрү мамлекеттеринде тынчтыкты жана туруктуулукту сактоо максатында анык эмес (жалган) маалыматтар менен күрөшүү боюнча тажрыйба жана билим алмашуу боюнча өз күчтөрүн биргелешип топтоо керектигин айтты.

Бул медиафорум учурдагы медиа чөйрөнү талдоо, келечекти болжолдоо жана медиа тармагын өнүктүрүү тобокелдиктерине каршы туруу механизмдерин иштеп чыгуу, КМШ өлкөлөрүндөгү медиалардын эң актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн уникалдуу аянтча болду.

Талкууларга саясаттын, ЖМКнын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.

Ошондой эле, актуалдуу темаларга тематикалык сессиялар өткөрүлүп, эксперттер Жасалма медиа интеллекттин келечегин, жалпы каналдарды жүргүзүүнүн натыйжалуу стратегияларын, шериктештиктин орус тилдүү ЖМКларын өнүктүрүүнү, ошондой эле санариптик доордо профилдик факультеттердин студенттерин даярдоонун өзгөчөлүктөрүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий