• 88.68
  • 95
  • 0.95

Чүй облустук ЖКККБ кызматкерлери үчүн жаңы имарат ачылды

Коом 0

Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери үчүн жаңы имарат ачылды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы имараттын ачылыш аземине ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев, ЖКККББнын жетекчиси Азамат Исраилов, ИИМдин ардагерлер кеңешинин өкүлдөрү жана Чүй облустук ЖКККБнын курамы катышты.

"Азыркы учурда ЖКККББнын бардык кызматкерлери үчүн шарттар түзүлүүдө, жыл аягына чейин республиканын бардык аймагы "АфтоУраган" комплекстүү аппараты менен камсыз болот", - деп белгилешти ведомстводон.

Аширходжаев имараттын ачылышы Милиция күнүнө туура келгенин белгилеп, буга байланыштуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо инспекциясынын кызматкерлерин куттуктап, ар бирине ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт, өлкөдө тынчтык жана туруктуулук каалады.

Пикир

Оставить комментарий