• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте белгилүү акын Зайырбек Ажыматовду эскерүү кечеси өттү

Коом 0

Бишкек, 02.11.23. /Кабар/. Күн мурун Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында белгилүү акын Зайырбек Ажыматовду эскерүү кечеси өттү.

Ыр кечени Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев демилгелеп, керектүү каражатты резервдик фондунан бөлүп берген.

Иш-чарада акындын сөзүнө жазылган чыгармалар аткарылып, ырлары көркөм окулду.

Андан соң төрага сөз сүйлөп, акындын өмүр жолуна токтолду.

"Зайырбек Ажыматов Алыкул Осмонов, Сүйүнбай Эралиев, Омор Султанов өңдүү залкарлардын жолун улаган улуу акын. Балким тирүүсүндө баалабадык, татыктуу сый көрсөтө албадык. Бирок ал өзүнө чыгармачылыктын бийик мунарасын куруп кетти. Андыктан көзү өтсө да ыр сүйгөн кыргыз элинин эсинде түбөлүккө жашай берет", - деди.

Андан тышкары, акындын жакын досу, депутат Мирлан Самыйкожо, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Кайрат Иманалиев баштаган жетекчилер, замандаштары жана маданият өкүлдөрү сөз сүйлөштү.

Ыр кеченин соңунда жаңы эле негизделген Зайырбек Ажыматов атындагы фонд тарабынан жаш акындар Айзат Кудайберди кызына, Улукбек Омокеевге жана журналист Нурболот Азаматка "Зайырбек Ажыматов" атындагы адабий сыйлыктар ыйгарылды.

Белгилей кетсек, "Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактарынын автору Зайырбек Ажыматов 2020-жылы 44 жашында дүйнө салган.

Пикир

Оставить комментарий