• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Маданият министрлиги: Бүгүн Энелер күнүнө карата бир катар маданий иш-чаралар өтөт

Маданият 0

Бишкек, 17.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 17-май Энелер күнүнө карата бир катар маданий иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын чыгармачылык жамааты тарабынан “Энелер аалам сулуусу ” аттуу театрлаштырылган концерт “ЭлТР” жана КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналы аркылуу жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Фейсбуктагы расмий баракчасы аркылуу саат 13.10дө башталып, түз эфирде көрсөтүлөт.

Ошондой эле Касымалы Жантөшев атындагы Ысык- Көл облустук музыкалык драма театрынын артисттери тарабынан даярдалган “Энелердин жүрөгү токтобосун” аталышындагы адабий кече саат 14:20да көрсөтүлөт.

Мындан сырткары, Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясы, С. Ибраимов атындагы Ош улуттук кыргыз драма театры жана Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрынын жамааты тарабынан даярдалган Ош шаарынын таланттарынын "Эне ыйык. Эне улук. Эне кут" аттуу концертин саат 16:30да “ЭлТР” жана КТРКнын “Маданият. Тарых. Тил” каналынан, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Фейсбуктагы расмий баракчасы аркылуу көрө аласыздар.

"Калган республикалык баардык театр оюн- зоок мекемелеринин чыгармачыл жамаатынын эне темасындагы чыгармалары ар бир театрдын жана министрликтин Фейсбук баракчасы аркылуу жарыяланып турат. Бүгүн, 17-майда Кыргызстандын эли ыйык энелерибизди чын дилден куттуктайлы. Ал эми маданият ишмерлери майрамдын маанисин арттырып энелерге кызмат кылабыз", - деп айтылат министрликтин маалыматында.

Эске сала кетсек, 2012-жылдан тарта Кыргызстанда Энелер күнү май айынын ар үчүнчү жекшембисинде белгиленип келет.

Пикир

Оставить комментарий