• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Маданият министрлигинде 23,5 млн сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталды

Коом 0

Бишкек, 25.02.23. /Кабар/. Эсеп палатасы 2021-жылга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде аудит жүргүздү. Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы суммасы 23 млн 522 миң сомдук каржылык мыйзам бузуу аныкталып, ордуна келтирүүгө тийиш болгон сумма 7 млн 289,9 миң сомду түзгөн, анын ичинен 5 млн 78,8 миң сом ордуна коюлду.

Мындан:

- Текшерүүнүн жыйынтыгында 734,5 миң сомдук акча каражаттарынын жана материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги аныкталган. Белгилей кетсек, 734,5 миң сом ордуна коюлган.
- Эмгек акыларды негизсиз төлөөлөр 16 млн 542,6 миң сомду түздү.
- Товардык материалдык баалуулуктарды, акча каражаттарын жана иш сапар чыгымдарын негизсиз чыгымдоо 1 млн 386,8 миң сомду түзгөн, анын ичинен 1 млн 386,8 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 631,5 миң сом калыбына келтирилди.
- Курулуш монтаждоо жумуштарынын көлөмүн ашыруу 744,7 миң сомду түзөт, мындан 744,7 миң сом, калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 333,8 миң сом калыбына келтирилди.
- Эсептен жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз 3 млн 530,4 миң сомду түзүп, анын ичинен 3 млн 511,6 миң сому мекемелерге калыбына келтирилди.

Мындан сырткары, бюджеттин резервдери 4 млн 958,8 миң сомго аныкталды, мындан 4 млн 96,1 мин сому ордуна коюлууга тийиш болсо, 647,7 миң сому ордуна коюлду.

Пикир

Оставить комментарий