• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Шашылыш билдирүү: Тоолуу аймактарда кар көчкү түшүүсү күтүлөт

Коом 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү түшүүсү күтүлөт, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.

Билдирүүгө ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-99- чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4- чакырымдарында Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 43-44 чакырымдарында (Ийри-Суу тилкеси), 67-90 чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу) кар көчкү түшүү корунучу сакталат.

Андан тышкары Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90, 95-130- чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Пикир

Оставить комментарий