• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кытайдан 14,3 млн сомдук техника мыйзамсыз алып келинген

Коом 0

Бишкек, 25.02.23. /Кабар/. Кытайдан мунай тармагында колдонулган 14,3 млн сомдук техника мыйзамсыз алып келинген. Бул утуралуу КР Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Түштүк-Батыш" бажысынын "Жалал-Абад" бажылык башкаруу борборунун Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери ЕАЭБ жана КР бажы мыйзамдарын бузуулардын алдын алуу, бөгөт коюу жана аныктоо боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө, Кытайдан алуучу "С.Д." ЖЧКнын дарегине келип түшкөн товарларды анык эмес декларациялоо фактысы аныкталган.

Бажы тариздөө үчүн берилген документке (эсеп-фактурага) ылайык, товарлардын 2 бирдиги – "мунай тармагында колдонуу үчүн сордургуч түзүлүштөр" декларацияланган. Бирок бажылык текшерип кароо учурунда 3 бирдик аныкталган.

Кармалган товардын жалпы баасы 14 млн 365 миң 788 сомду түзгөн.

Аталган факт каттоого алынып, материалдар КР мыйзамдарында белгиленген тартипте кароо жана чечим кабыл алуу үчүн Жалал-Абад облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий