• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Маданият министрлигинин түзүмүндөгү 12 миңден ашуун кызматкер аттестациядан өтөт. Графиги

Коом 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрликтин түзүмүндөгү билим берүү, театр-оюн-зоок мекемелеринин, клуб, музей, китепкана, маданият уйлөрүнүн кызматкерлерин аттестациялоодон өтөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аттестациялоо министрликтин 2022-жылдын 21-октябрындагы №581 буйругу менен бекитилген жобого ылайык жүргүзүлөт.

Аттестациядан өтүү боюнча тийиштүү кызматкерлерге алдын ала маалымдама берилген. Учурда тиешелүү иш-аракеттер жүрүп жатат.

Төмөндөгү график театр-оюн-зоок мекемелеринин, клуб, музей, китепкана жана маданият үйүнүн кызматкерлерине тиешелүү:

Бишкек шаары жана Чүй облусу — 14нөн 31-декабрга чейин;

Ысык-Көл облусу — 2023-жылдын 10нан 20-январга чейин;

Нарын облусу — 2023-жылдын 17нен 31-январга чейин;

Талас облусу — 2023-жылдын 24-январынан 10-февралга чейин;

Баткен облусу — 2023-жылдын 7нен 25 февралга чейин;

Ош облусу — 2023-жылдын 14-февралынан 3-мартка чейин;

Жалал-Абад облусу — 2023-жылдын 28-февралынан 17-мартка чейин.

Ал эми билим берүү мекемелеринде иштеген кызматкерлер төмөнкү график боюнча аттестация тапшырат:

Ысык-Көл жана Нарын облустары — 2022-жылыдн 14нөн 23-декабрга чейин;

Талас облусу — 2023-жылдын 10нан 13-январга чейин;

Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустары — 2023-жылдын 16-январынан 7-февралга чейин;

Бишкек шаары, Чүй облусу — 2023-жылдын 27-февралынан 10-мартка чейин.

Пикир

Оставить комментарий