• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Маданият тармагындагы 2 миң 722 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү

COVID - 19 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Маданият тармагындагы 2 миң 722 адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин статс-катчысы Бакытбек Секимов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, 1 миң 296 адам COVID-19 менен ооруса, 1 миң 556 мүмкүнчүлүгү чектелген адам вакцина алышкан эмес.

“Учурда вакцинанын экинчи дозасын алуу боюнча иш жүрүүдө. Ал эми маданият тармагына театр оюн-зоок мекемелери (театр, филармония, цирк жана клубдук мекемелер), музей, китепкана, музыкалык окуу жайлар (консерватория, Маданият жана искусство университети жана музыкалык мектептер), райондук жана шаардык маданий башкармалыктар, облустук медиаборборлор жана башкалар кирет”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий