• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

COVID-19: Бишкекте 73 эмдөө пункту күнү-түнү иштөөдө

COVID - 19 0

Бишкек, 03.09.21. /Кабар/. Бишкекте 73 эмдөө пункту күнү-түнү иштөөдө. Бул тууралуу Студенттик поликлиниканын башкы дарыгери Миңбай Жороев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, эмдөө пункттарынын ичинде үй-бүлөлүк медицина борборлору, соода борборлору, билим берүү уюмдары жана башкалар бар.

“Борбор калаада вакцинанын биринчи дозасын алгандардын саны 80 миңден ашык болсо, экинчи дозаны алгандар 65 миңге жеткен. Эмдөө пункттары тууралуу сурап – билүү үчүн (0312) 32-31-27, 32-30-11 телефондоруна кайрылсаңыздар болот”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий