• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Маданиятка эмгек сиңирген ишмер, белгилүү сүрөтчү Данакан Адашканова дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 14.04.20. /Кабар/. Кыргыз маданияты орду толгус жоготууга учурады. Кыргыз Республикасынын маданиятына аэмгек сиңирген ишмер, эл аралык “Руханият” сыйлыгынын лауреты, белгилүү сүрөтчү Данакан Адашканова күн мурун, 13-апрелде жүрөк оорусунан улам 69 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Данакан Адашканова 1951-жылы Ош облусунун Кара- Кулжа районуна караштуу Сары-Камыш айылында туулган. 1971-жылы С. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, 1979-жылы Ленинградда И. Репин атындагы Живопись, скульптура жана архитектура институтун аяктаган. Ошондой эле СССРдин Көркөм академиясындагы чыгармачылык өнөрканасында СССРдин эл сүрөтчүсү Гапар Айтиевдин жетекчилиги алдында билим алган.

1978-1992-жылдар аралыгында Бишкектеги көркөм сүрөт окуу жайында окутуучу болуп иштеген. 1988-жылы СССРдин жана Кыргызстандын Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү болгон.

Сүрөтчүнүн эмгектери Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде жана КМШ мамлекеттеринин (Алупка, Магнитогорск, Санкт-Петербург шаарлары) музейлеринде коюлган. Данакан Адашканова лирикалык пейжаздарды тартуу менен айрым сүрөтчүлөрдөн өзгөчөлөнүп келген. Ал эми, анын кыл калеминен жаралган эмгектер Канада, Германия, Түркия, Голландия, Япония, Венгрия, Литва, Италия, АКШ жана башка мамлекеттеринин музейлеринде жана жеке коллекцияларда сакталып турат.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Маркумдун сөөгү бүгүн, 14 –апрель күнү Ысык – Ата районунда жерге берилди.

Пикир

Оставить комментарий