• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Made in KG : Чолпон-Атада Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлардын көргөзмөсү өтүүдө

Экономика 0

Бишкек, 21.07.18. /Кабар/. Чолпон-Атадагы көргөзмөдө жакынкы жана алыскы өлкөлөрдөн келген потенциалдуу инвесторлор Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар менен таанышууда.

Атамекендик азыктар “Ысык-Көл 2018” V Эл аралык Экономикалык форумунун алкагында сунушталды. Форумду Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги уюштуруп жатат.

Бириккен Араб Эмираттары, Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кытайдан келген коноктор кызыгуу менен улуттук суусундук жана тамак-аштан даам татып, өлкөдө өндүрүлгөн товарлардын сапатына баа беришүүдө.

“Көргөзмө абдан жакшы өтүп жатат. Көптөгөн чет өлкөлүк жарандарды көргөнүбүзгө кубанычтабыз. Ар бир азыктын жанында англис, кытай жана орус тилдеринде котормолору бар. Көргөзмөдө биз органикалык өсүштү жөнгө салууну сунуштап жатабыз. Биздин өндүрүш аянтчабыз Караколдо. Өлкөдө мындай азыкты жалгыз биз гана өндүрөбүз. Бүгүн биздин азыкка арабтардын кызыгуусу пайда болду. Бул көргөзмө натыйжалуу өтүп жаткандыгынан кабар берет”, -деп билдирди ишкер Рустамжан Назармухамедов.

Көргөзмөнүн коноктору ишкерлерге кызыккан суроолорун берип, кызматташуу маселесин талкуулай алышат. Андан тышкары ишкерлер өздөрүнө жаккан буюмдарды да сатып алышууда.

Пикир

Оставить комментарий