• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

“Made in Kyrgyzstan” брендинин кийимдерине Ташкентте суроо-талап көп

Коом 0

Ташкент, 14.09.17. /Толонбай Курбанов – Кабар/. “Мен “Made in Kyrgyzstan” брендинин балдар, аялдар жана эркектер кийимдерине Ташкентте суроо-талап көп экенин көрдүм”, - деди “Кабар” агенттигинин кабарчысына жеке ишкер Ибрагим Ягинбаев Өзбекстандын борборундагы текстилдик жана жеңил өнөр жай боюнча эл аралык көргөзмөдө.

Анын айтымында, Кыргызстан жана Өзбекстандын тигүүчү-трикотаждык буюмдары,текстилдик жана жеңил өнөр жай товарлары кыргыз жана өзбек рынокторуна жол салып алышкан. Учурда аларга оңтойлуу, мыйзамдуу шарттарды түзүү милдети турат. Эки өлкөнүн лидерлери Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиеевдин аракеттери менен бул багыттагы маселе акырындык менен чечилүүдө.

“Бул көргөзмөлөр өз ара пайдалуу өнөктөштүк мамилелерди түзүүү аянты болуп саналат. Мында маанилүү жолугушууларды жана сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Коммерциялык сунуштарды иштеп чыгууга макулдаштык. Мындай көргөзмөлөргө катышуу пайдалуу өнөктөштүк мамилелерди түзүүгө жакшы шарт түзөт”, -деп белгиледи ал.

Ташкенттеги “Узэкспоцентр” Улуттук-көргөзмө комплексинде жеңил өнөр жай жана текстилдик индустрия боюнча көргөзмө өтүп жатат. Ага дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн 350 ашык компания катышууда.

Иш чара 15-сентябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий